Бишкекте университеттин кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкектеги Кыргыз техникалык университетинин кафедра башчысы студенттен 20 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кафедра башчысы 4-июнда ыкчам издөө иштеринин натыйжасында студенттен пара алып жаткан учурда кармалган.

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына КТУнун студенти кайрылган. Анда мугалим дипломдук иш даярдоо үчүн 20 миң сом талап кылып жатканын билдирген. Бул арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси "Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу" беренеси боюнча иш козголду", - деди маалымат катчы.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы студенттерге мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары боюнча арыз менен кайрылууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tynchy
2018-06-07 16:34:35
окууп жатат деген аты бар студенттер кайдан кайрылмак эле 60-70 % студент озу берип калбадыбы
+5
Daak9091
2018-06-07 16:48:53
Озу сабака келбече окубаса бутуруп бер деп барса сурайт да куно озундо да
+6
Karakash
2018-06-07 17:00:48
Эгер студент мыкты окуса окутуучу тарабынан пара талап кылынса экономикалык кылмыштарга каршы курош боюнча малекеттик кызматка арыз менен кайрылга.
+1
RaHat19
2018-06-07 19:26:40
пара барбей эле окудук эле.Азыр мугалим студентти озу бошотот ал иштеп журо берет окуусу ото берет бир куну акча берет кийинки курска кочот мээде эч нерсе жок.Камаш керек билим бербей акча алгандарды
+1
ludimira
2018-06-07 21:13:24
Балык кармалыптыр,акулалар сузуп журот сайрандап,.....
+4
Birimdik5555
2018-06-08 00:14:25
Мугалим эмне кылсын анан,айлыгы аз болсо
+1
Ajar007
2018-06-08 01:28:35
Күнөө студентте да, мееси иштесе өзү жазабайт беле анда, мугалим эч качан мен жазып берем 20мин сомго деп эч кимди кыйнабайт, каалоочулар, же жумушта иштеген студенттер жаздырса неге болбосун, ошо бир сасыткынын айынан эми канча студенттер азабын тартышат...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан