Футбол боюнча Кыргыз курамасы дүйнөлүк рейтингде 17 сапка артка кетти

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы дүйнөлүк рейтингде 17 сапка артка кетип, 92-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы тизме 7-июнда чыккан. Ал эми Кыргыз курамасы соңку бир ай аралыгында Азербайжан курамасы менен достук беттешин өткөрүп, 3:0 эсебинде утулуп калган. Буга чейинки эки ай аралыгында "Ак-Шумкарлар" дүйнөлүк рейтингде 75-орунду ээлеп келе жаткан болчу.

Жаңы тизмекте айдын мыкты командасы деп Азербайжан курамасы табылды. Алар 21 тепкичке көтөрүлүп 105-орунга жайгашты. Ал эми эң начар көрсөткүчтү Гайана курамасы көрсөтүп, 18 баскычка түшүп 182-орунга жайгашты.

2019-жылы орун алуучу Азия биринчилигиндеги Кыргыз курамасынын каршылаштары төмөнкүдөй орундарга жайгашты: Түштүк Корея 57, Кытай 75 жана Филиппин курамасы 115-орунга жайгашкан.

Алдыңкы ондук төмөнкүдөй:

Германия;

Бразилия;

Бельгия;

Португалия;

Аргентина;

Швейцария;

Франция;

Польша;

Чили;

Испания.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Azatbek.Svoboda.
2018-06-07 18:10:40
Футбол биздики эмес!Орусия деле ойной алышпайт эми гана чемпионат мирада ойной башташты? Орустар хоккей коньки лыжа кышкы ойундар ушул жактан күчтүү. Окуучуларды кышында дене тарбия сабагында лыжа кийгизип сыртка чыгарып койушат ошондон болсо керек! Биздикилер көк бөрү волейбол жактан жакшыбыз биз ат минген атка жакын көчмөн калкпыз. Мектепте көбүнчө волейбол ойнойбуз!
+1
Dembele84
2018-06-07 20:01:14
Azatbek.Svoboda.,Волейболдон жакшыбыз-деп айылда бироо акча сайып берсе эле ошону ойноп журуп,биздикилер кучтуу дебе.Биздикилер олимпиада,дуйно чемпиондугу эмес Азияда чемпион боло элек,анан несин жакшы деп жатасын?Кызыгып волейболдун артынан жургон жигиттер коп,бирок результат жок Кыргызстандын сборныйында.Кок борудон жакшыбыз дейсин,кок боруну орто азиядан башка олколор ойнобойт,дуйнолук оюнга кирбейт.Ат чабыш же ат менен барьерден секируудон уктунбу кыргыз утуптур дуйнону деп?
+7
Rasul94
2018-06-07 20:29:37
Dembele84,молодец дембеле толугу менен созунду колдойм
+5
Tima0304
2018-06-07 18:35:47
Бир кадам алдыга эки кадам аркага
+3
Baktiiar1995
2018-06-07 18:37:33
Азербайжан күчтү эмес эле го
-4
Dembele84
2018-06-07 20:03:58
Baktiiar1995,Азербайджан Европадагы кучтуу командалар менен ойноп журуп такшалып калган,а биздикилер Йемен,Индиялар менен ойносо кайдагы тажрыйба?Ошолорду женип журуп рейтингден кыйла алдыга жылып алган болчу.
+3
nemo2016
2018-06-07 20:08:00
Германия Бразилии Испания Франция Аргентина финалга ушулар чыгышатго
-11
Dembele84
2018-06-07 20:17:18
nemo2016,Финалга эки команда чыгат,торт команда эмес!
+6
nemo2016
2018-06-08 02:01:22
Dembele84,акылдуу окшойсун э билбепмин экоо чыгышын мен
-3
Dembele84
2018-06-08 09:23:42
nemo2016,Вот ошо билбеген учун жазып отурасын да финалга тортоо чыгат деп!
-1
TalaCSKA
2018-06-07 20:18:55
nemo2016,)))) Коста Рика , Панама , Саудовская Арабия чыгат буюрса )))!
-5
Rasul94
2018-06-07 20:31:43
TalaCSKA,перу де
-1
FCB14
2018-06-07 23:27:34
Бразилия Аргентина финал ЧМ2018 буйруса ИншаАллах
-1
Zynk.kg
2018-06-08 00:50:32
Португалия сүйрөлүп эптеп ойноп полуфиналга чейин барат буйруса
0
Dembele84
2018-06-08 09:27:36
Zynk.kg,Суйролуп эптеп баргыча,лучше полуфиналга жакындабай эле койсо болмок.Достойный оюн коргозгон командалар чыгышын каалайм полуфиналга.
-2
Bakulya97
2018-06-09 11:32:29
Zynk.kg,суйролуп еле женет чемпионат страны.
0
KG.Kushtarbek
2018-06-08 02:23:22
Бир тоголок топтун артынан кууп журобереттер каягы кызыктуу билбейим
-6
Dembele84
2018-06-08 09:30:10
KG.Kushtarbek,Ушундай жиндилер да алар,тоголок топту тепкилеп журо беришет)))))
-3
Alymbek.A
2018-06-11 00:49:32
Азербайджан менен толук курамда ойногондо женет эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан