Футбол боюнча Дүйнө биринчилигинде Орусия курамасынын оюнчулары ар бир жеңишине 15 миң евро алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сый акы беттештин тизмегине катталган гана оюнчуларга берилет. Эгер беттеш тең чыгуу менен аяктаса, анда футболчулар 7 миң 500 евро алышат. Ал эми жеңилген учурга сый акы каралган эмес.
Бул сый акы команданы машыктырууга Станислав Черчесов келгенден кийин башталган. Дүйнө биринчилигинде деле ушул эле ыкма колдонулары, бирок кошумча бонустар берилерин айтат.
Айта кетсек, Орусия курамасы Черчесовдун кол алдында 18 беттеш өткөрүп, 5 оюнда жеңишке жетсе, 6сы тең чыгуу менен аяктап жана 7 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Дүйнө биринчилигинде Орусия Сауд Арабия, Египет жана Уругвай менен ойнойт. Эгер бул топтогу оюндардын жыйынтыгында Орусия 1-2-орунду ээлесе, плей-оффтук баскычка чыгат.