Бишкекте кызматкер өзү иштеген гипермаркеттен 1 миллион 500 миң сом уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы малымдады.
"28-май күнү шаардагы гипермаркеттердин биринин директору милицияга арыз менен кайрылган. Арызда кызматкерлердин бири түнкүсүн кассадан ири суммадагы акчаны уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.
6-июнда Бишкек ШИИББи менен Октябрь РИИБинин кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Баткен облусунда жашынып жүргөн 27 жаштагы Х.Ч. аттуу жаранды кармашкан. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 1 миллион 500 миң сом табылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Учурда кармалган адам Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.