Ошто катталган жол кырсыгынан эки айдоочу тең оор жаракат алып ооруканага түштү

Ош-Исфана унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Теңизбаевдин айтуусуна караганда, айдоочулар оор жаракат алышып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

"Жол кырсыгы кечээ, 7-июнда саат 16:00 чамасында Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында болгон. Анда Хундай Портер менен Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаалар кагышып кеткен. Натыйжада эки айдоочу тең оор абалда облустук ооруканага жеткирилген. Ал эми унааларда айдоочулардан башка эч ким болгон эмес. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгы менен кайсы тарап күнөөлүү экени аныкталат. Унаалар болсо айып короосуна жеткирилди", - дейт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2018-06-08 12:48:56
Ош Исфана эмесле Ош-Ноокат жолунда турат эле бул авария. Жол талашкан окшойтда экоо жанаша турган жанчылып. Адамдары аман болсо экен деп оттук эле.
-2
Isco22
2018-06-08 15:07:57
Shaa-82,не исфанага бул жак мн кетпейби? Транзиттик жол болуп ош исфана болоуп айтылат. Таксистерге ош ноокат деп айтасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан