Баткенде силкинүү күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 8-июнда Баткен облусунун Кадамжай шаарында, Орозбеков жана Котур-Булак айылдарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө саат 10:30да орун алып, күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында 3 баллга, Орозбеков жана Котур-Булак айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zainidin96
2018-06-08 12:29:24
Кудай сактасын
+1
kyrgyzka7
2018-06-08 12:52:48
Котур булак?
0
Sultana17
2018-06-08 13:03:45
kyrgyzka7,ошондой айыл бар,эмне кызык болдубу сизге?
+1
Missing-u
2018-06-08 13:14:40
kyrgyzka7,ооба,Котур булак деген айыл бар ал жерден булак чыгат котур,будур жара чыккандар булакта жуунса кадимкидей жоголуп кетет ошого ошентип аталып калган
+2
Flowhive
2018-06-08 13:22:52
Missing-u,котурбулакбы же жийделикби
+1
guli-1980
2018-06-08 19:24:38
kyrgyzka7,кызыл булак эмемпи. Кадамжай охна мн жакынго
+1
Adi.Avazbekov
2018-06-08 17:18:01
Оа жер титиреди. Жийделик болсо кк. Мен Орозбеков айвлвнда жашайм. Ушул убакка чейин Котур булак деген айылды уга элекмин. Бирок жийделикте ошондой булак бар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан