Чүй облусунда эл ташыган поезд менен жүк ташыган унаа кагышып, жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, кырсык Чүй облусунун Садовое айылында бүгүн, 8-июнда саат 11:20 чамасында катталган. Анда эл ташыган поезд ГАЗ-53 унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу жабыркаган. Ал "Тез жардам" кызматы менен райондук ооруканага жеткирилген. Бирок жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Учурда аталган окуя боюнча Чүй ОИИБинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.