ЖЫЛНААМА, 9-ИЮНЬ: "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп гонорар алган актёр катары кирген америкалык "каракчы" Жонни Депп 55 жашка толду

Каракчынын образы менен атактуулукка жеткен америкалык актёр, сценарист жана продюсер Жонни Депп бүгүн, 9-июнда 55 жашка толду. Ал 1963-жылы АКШнын Кентукки штатындагы Овенсборо шаарында төрөлгөн.

Болочоктогу актёр 16 жашка толгондо ата-энеси ажырашып кетишкен. Ошондон тарта Жоннинин жер кезген жаңы жашоосу башталат. Актёр ал кез тууралуу минтип эскерет: "Апамдын айынан 30га жакын жер котордук. Мунун себеби апам бир жерде көпкө кармалганды жаман көрчү. Бир учурда Флорида штатындагы Мирамар шаарында жашап жүргөнбүз. Ал жер тозокко окшош болчу. Кулап калайын деген үйдө жашап, мен күнүгө дүкөндөн токоч уурдап жечүмүн. Азыр эстесем, ошондо ушунчалык жакыр жашаптырбыз".

Өткөөл курактагы Жонни кыз жандоонун ордуна гитара менен достошкон. Анын себебин төмөндөгүчө түшүндүрөт: "Мектепте окуп жүргөндө мени бир да кыз карачу эмес. Себеби мен башкаларга окшобогон, чачы узун, гитарасын колунан түшүрбөгөн жүдөмүш жигит элем. Качан болсо сабактан качып гитара чертип отурчумун".

Актёрлук карьерасына анын биринчи никеси жол ачкан. 20 жаштагы Жонни Депп өзүнөн 5 жаш улуу Лори Энн Эллисон аттуу сүрөтчү кызга баш кошкон. Экөө 2 жыл чогуу жашаган соң актёр "биз бирге болууга аракет жасадык, бирок андай болгон жок" деп жубайынан кол үзгөн. Жонни Депп дал ушул айымдын жардамы менен актёр Николас Кейж менен таанышып, атактуу болууга мүмкүнчүлүк алган. "Мен күтүүсүз жерден актёр болуп калдым, бирок менин максатым атактуу музыкант болуу эле", - деп эскерет.
Жонни Депп Лори Энн Эллисон менен ажырашкандан кийин
дароо эле актриса Женнифер Грейдин торуна түшкөн. Бирок актёр Женниферден тажаган соң "сен таланттуу эмессиң" деген шылтоо менен аны таштап кеткен.
Андан кийинки мамилеси 17 жаштагы Вайнона болгон. Аны менен Жонни Депп 26 жаш курагында жолуккан. Таанышкан соң 3 айдан кийин актёр сүйүктүүсүнүн колун сураган. Бирок бул ирет дагы актёрдун никеси ажырашуу менен аяктаган.
Кийинки сүйүктүүсү Кейт Мосс менен Жонни Деппти бири-бири үчүн жаралган адамдар дешчү. Экөө тең баңгизатка байлангандыктан, алардын мамилесине "баңгизат жыттанган роман" деген да ат коюлган. Жонни Кейт тууралуу "Экөөбүз ажыраштык. Кейт дайыма менин эсимде сакталат, экөөбүздүн чогуу болбогонубуз өкүндүрөт" деп айтып жүргөн.
Кезектеги сүйүүсү Ванесса Паради менен башталган мамилеси тууралуу көпчүлүк "мына эми Жонни Депп үй-бүлө куруп токтолду" дешкен. Ванесса Паради актёрго 1 уул, 1 кыз төрөп берип, карьерасын жыйыштырып, өзүн толугу менен үй-бүлөсүнө арнаган. Экөө 15 жыл чогуу түтүн булаткан соң, Жонни Депп аны да таштап кетти.
Ошентип 50 жаштагы Жонни Депп 27 жаштагы актриса Эмбер Хёрдду ээрчип кете берди. 2015-жылдын 3-февралында актёр менен Эмбер Хёрд расмий түрдө никеге турушкан. 2017-жылы түгөйлөр расмий түрдө ажырашкан.

Жонни Депп Кариб деңизиндеги аралдан 18 гектар жер сатып алып, үй салган. Ал расмий түрдө “Little Hall's Pond Cay” деп аталганы менен, Жонни аны “алыскы арал” деп коёт. Ал жерге гидросамолёт же вертолёт менен гана барууга болот.

Актёрду атактуу кылган тасмалар: "Кариб деңизинин каракчылары", "Чарли жана шоколад фабрикасы", "Келиндин өлүгү", "Бенни жана Жун", "Өлгөн киши", "Лас-Вегастагы коркунуч жана жек көрүү", "Донни Браско", "Кокаин", "Сыйкырдуу шаар", "Турист", "Кайчы колдуу Эдвард" жана башкалар.

2012-жылы Жонни Депп "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп гонорар алган актёр деп жазылган. "Алтын глобус", "Сезар" жана башка киносыйлыктардын бир нече жолку ээси.

9-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2018-06-09 06:16:58
Чыныгы коп кырлуу талант экен го аял алыштан да башкадан да
+4
bond02
2018-06-09 08:39:08
Аял алыш сигарет алып чеккендей эле кеп экен да буга.
+7
Zainidin96
2018-06-09 12:44:00
Короз экенда бул бироону ургандан кийин экинчисине отуп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан