Шаардык сот активист Мелис Аспековду эркиндигинен ажыратты

Мелис АспековАктивист Мелис Аспеков 1 жыл 7 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын тарапташы, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Маалыматка караганда, сот жараяны жабык түрдө өткөн.

“Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мелис Аспековго 30 миң сом айып салуу чечимин чыгарган. Бүгүн шаардык сот 1 жыл 7 айга камоо өкүмүн чыгарды. Аспековдун тарапташтары шаардык сотто бошотулат деп ойлогон элек. Сөз эркиндигин коргоо комитети Аспековду саясий туткундардын катарына кошуудабыз. Себеби ал акталышы керек болчу. Анын камалышына монтаждалган аудио эле себеп болуп жатат. Камакка алынгандан бери жарым жылдай өттү. УКМКнын абагындагы ар бир күндү 2 күн деп эсептесек, болжол менен 3-4 айдан кийин эркиндикке чыгышы мүмкүн. Сот жараяны жабык түрдө өттү. Бул соттордогу эски адат жоголбогонунан кабар берет”, - деди Турдукулов.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын октябрь айында президенттик шайлоого бир апта калганда жарандык активист Мелис Аспеков "талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен элди көтөрүп чыгып, баш аламандык уюштурууну сүйлөштү" деп кармалып, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2018-06-08 20:37:27
Актаса бабанов ак болот ошого ушундай чечим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан