Жалал-Абадда эки жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду

Жалал-Абад облусунда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 8-июндан 9-июнга караган түнү Сузак районунда КамАЗ жана Портер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, 1962-жылы туулган Мамыржан Хайдаров, 1996-жылы туулган Хикматилло Мамыржан уулу жана 2006-жылы туулган өспүрүм каза тапкан. Каза болгондордун баары Портердин ичинде баратышкан.

"Портер унаасында бараткан 3 адам каза болгон. Алардын бири 12 жаштагы өспүрүм. КамАЗдын ичиндеги айдоочусу жана жанында шериги жабыр тарткан эмес. Каза болгондордун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Zainidin96
2018-06-09 12:50:12
Эхх ушул жол кырсыктарычы азайгандан да кобойуп жататго жаткан жерлери жайлуу болсун ИншАллах
+4
Nur92
2018-06-09 12:55:19
Супер бүгүн 7-троллейбуска не болгон билбейсинерби
+3
alikgz
2018-06-09 21:24:05
Nur92,троллейбусун башка темадан сурасан боло тообо.
-3
nurhan2702
2018-06-09 12:56:04
Жакындарына сабыр берсин Жаратканыбыз .Кандайча кагылышып кетишти экен
+4
arena2014
2018-06-09 13:05:12
Туну болгон болсо айып портерде болушу мумкун. Себеби портерлердин фарасынан эч нерсе корунбой калат!
+2
Eli.91
2018-06-09 17:33:26
Менимче каза болгондор бир-семялар окшойт?ата балдары менен экенда деп калдым.Болор Иш болуптур Эми Жайлары Жаннатда болсун!уйбулосуно кыйын болду бир кундо 3 адамдан айрылуу кандай оор!уйбулосуно терен кайгыруу менен конул айтам?Аллахтын Берген сыноосу,сабыр кылыныздар.
+2
BoDiNur
2018-06-09 23:10:33
Авария деген бир чон апаат болду го
0
sakuna
2018-06-10 00:03:13
Каякка кирбе жол кырсык
0
Taku.14.02
2018-06-10 01:48:47
ким кунолуу ошондо тактап койсонор
0
lenin1870
2018-06-10 09:45:01
Айдоо маданияты жок крда бири бирин сыйлабайт гаилер иштебейт акча алгандан башканы билбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан