Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы үйлөрдүн биринин жанынан белгисиз жаныбар тиштеп салган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 9-июнда SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады. Анын айтымында, маркумдун сол колун жана башын белгисиз жаныбарлар тиштеп салышкан.
"8-июнь күнү кечки саат 17:10 чамаларында Зергер айыл аймагындагы үйлөрдүн биринин артында белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барып болжолдуу түрдө 40-45 жаштардагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Ал үйдө эч ким жашабагандыктан маркумдун жансыз денеси 3-4 күндөй убакыт туруп калган. Бет маңдайы менен жаткандыктан сол колун жана башын белгисиз жаныбарлар тиштеп салышыптыр. Азырынча жергиликтүү тургундар тааныбай жатышат. Мүмкүн башка жактан келген. Артына рюкзак асынып алган экен. Бирок денесин алдын ала кароодо киши колдуу болушунун белгилери көрүнгөн жок", - деди Ашырбаев.
Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды.