Лейлек районунда бүгүн, 9-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, унаа жолдорду кум-шагыл, үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, саат 16:15 чамаларында Лейлек айыл аймагынын Кара-Суу, Ак-Терек айылдарында жана Катраң айыл аймагынын Катраң, Өзгөрүш айылдарында сел жүргөн.
Селдин кесепетинен Кара-Суу айылында 3 турак үйдү, балдар бакчасынын имаратын сел каптап, 30 турак үйдүн огородуна чейин келген. Ал эми Ак-Терек айылында селдин жай агымы 25 турак үйдүн огородуна кирген. Мындан сырткары Коргон-Катраң-Баул ички чарбалык унаа жолунун 16-21 жана Исфана-Андарак-Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 14-18-чакырымдарында шагыл аралаш сел жүрүп, унаа жол убактылуу жабылган.
Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМнын куткаруучулары жана №13-жол тейлөө ишканасынын техникалары иштеп жатат. Учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиясы кырсыкты жеринен тактоо иштерин жүргүзүүдө. Дагы кошумча маалымат берилет.