Чүй облусунун Молдовановка айылындагы абакта жаткандар 5 күндөн бери массалык ачкачылык жарыялоосун улантышууда. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын SUPER.KG'ге 10-июнда билдиришинче, алгач 80 адам ачкачылык жарыяласа, бүгүнкү күндө анын 20сы тамактанып баштады.
"Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Аларга мажбурлоо жолу менен тамак бере албайбыз. Тамактан баш тартса өздөрүнүн эрки. Алар былтыр да камераларды ачык коюу талаптары менен 7 күн ачкачылык кармап, аягында өздөрү токтотушкан", - деди Сабатарова.
Эске салсак, 8-июнда Молдовановка айылындагы абакта экстремизм жана террорчулук боюнча күнөөлөнүп камалган жарандар массалык түрдө ачкачылык жарыялашкан. Ачкачылык жарыялагандардын ону оозун тигип алса, дагы ону колдорун кескилеп алышкан.