Бишкекте уурулукка шектелип эки кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 25-май күнү дүкөнүнөн белгисиз кыздар 5 миң сомдук товарын уурдап кетишкенин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.
Ленин райондук милициясы "уурулук" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштеринин натыйжасында 7-июнь күнү кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган А.к.А. жана 2000-жылы туулган А.к.А. аттуу эки кызды колго түшүргөн.
Учурда кармалган кыздар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.