Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Венгрияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Азия оюндарына даярдануу максатында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз балбандар 10-21-июнь аралыгында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрмөкчү. Тизмеге грек-рим күрөшү боюнча өлкөбүздүн атактуу спортчулары кирип, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин алдында катышмакчы. Окуу-машыгуу жыйындары жыйынтыкталган соң Кыргыз курамасы 22-25-июнь аралыгында өтө турган Гран-При мелдешинде күч сынашат.
Айта кетсек, аталган тизмеге грек-рим күрөшү боюнча Өлкө чемпиону жана Азия чемпиону Акжол Махмудов, ошондой эле Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбеков кирген эмес.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
Каныбек Жолчубеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Рустам Тейишов - эл аралык даражадагы спорт чебери;
63 килограммга чейинки салмак ченинде:
Калы Сулайманов - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Урмат Аматов - спорт чебери;
67 килограммга чейинки салмак ченинде:
Амантур Исмаилов - спорт чебери;
77 килограммга чейинки салмак ченинде:
Кайрат Түгөлбаев - спорт чебери;
82 килограммга чейинки салмак ченинде:
Атабек Азисбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
87 килограммга чейинки салмак ченинде:
Самат Шырдаков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
97 килограммга чейинки салмак ченинде:
Үзүр Жусупбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
130 килограммга чейинки салмак ченинде:
Мурат Рамонов - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев;
Ага машыктыруучу - Улукбек Карачолоков.