Ошто турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду

Ош шаарында турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Жаштар көчөсүндө жайгашкан 90 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган Т.Р.Х. аттуу жаран каза болгон. Өрт өчүрүүчүлөр маркумдун денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Өрт тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда эреженин бузулушунан улам келип чыкканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2018-06-11 11:35:51
Жаштар кочосу кайсыл кочо болуп калат ошондо? Тируу куйгон азап болсо керек байкуш десе.(((
+1
Biinura
2018-06-11 12:37:21
Shaa-82,Ешлар кочосу. Ошский район жакта.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан