Сокулукта жол кырсыгы катталып, 15 жаштагы өспүрүм кыз каза болду

Кечээ, 10-июнда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында трактор менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, 15 жаштагы өспүрүм кыз каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 17:00 чамасында Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында катталган. Анда 50 жаштагы У.И. Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус менен бара жатып, 33 жаштагы Ж.О. башкарып бара жаткан тракторун сүзүп, жол кырсыгына учураган. Натыйжада кичи автобустун 15 жаштагы М.М. аттуу жүргүнчүсү кырсык болгон жерден каза болгон. Андан тышкары айдоочу жана эки жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышып, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилген.

"Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү документтер топтолуп, тергөө иштери башталды" деди маалымат катчы.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
fantomas
2018-06-11 14:57:51
Ушунун баары айдоочулук куболуктордун сатылып жатканынан, айдоочулардын жол эрежелерин уруп ойнобогонунан...

Ушулардын баарын коро биле туруп, чара корбогон Сокени эмнеге мактайсынар тушунбойм. Ушул нерсени чече албаган Соке башканы кыйратабы?!!
-4
BoDiNur
2018-06-11 15:05:41
fantomas,Президент болгонуна бир жыл боло элек Соке эмне сага автомат беле? Жакшы эле иш алып барып жатат, эч нерсеге ыраазы болбойт экенбиз да, колдоо, которуу деген жок, только артка тартмай, кара муртоз болуп бара жатасынар. Же эмне башка президенттердин убагында авария болбоду беле, акырын акырын болот баары. Бизде баары тамырлап чытырман токой болуп кеткен, сразу озгортуп жиберууго мумкун эмес, акырын акырын баары болот буюрса
+1
fantomas
2018-06-11 15:30:32
BoDiNur, акырын акырын болот буюрса деп Акаевге 15 жыл бердик, Бакиевге 5 жыл бердик, акыры айла кеткенде кууп чыктык го экоону тен... 7-8 жыл Кыргызстандын башында болгон Атамбаевди убагында сындасак жаман кордунор эле, мына ошол былыктарынын бети бугун ачылып отурат...

Эми Жээнбеков бийликке жаны келди, убакыт берели деген эски жомогунарды качан коесунар вя?!! Жээнбеков эси-башын жыйып алгыча эле 2-3 жыл отушу керекпи арадан?!!
+1
fantomas
2018-06-11 15:33:54
BoDiNur, Кудайдын куттуу куну ДТП, ар куну канчалаган адам жол кырсыгынан каза болуп, дагы канчалаганы майып болуп жатат. Жээнбеков кызматка киришкенден бери канча канча адам олуп кетти жол кырсыгынан... Ошолорду Жээнбеков корбой, билбей отурабы?!!

Жээнбеков Окмотту жетектеп турганда чара коруп, жол кыймылын жолго салып койсо болмок, еще былтыры...

Эми сенин Жээнбековун "ойгонгуча" дагы канча адам олуп кетиши керек, алардын убал-сообу кимге ыя?!!
+4
wirintai27
2018-06-11 17:54:12
Аларды Жээнбеков олтуруп жаткан жок го. Баары Аллахтын буйругу. Пейилибизге,ниетибизге жараша болуп атат. Ташка чалынсанар деле бироону куноолойсунор
-1
fantomas
2018-06-11 20:12:27
wirintai27, Алма быш оозума туш деп жата берсен, бироо сага келип оозуна талкан чайнап бербейт го, туурабы?!! Анан ачка калсан да Алланын буйругу деп отура бересинби, жалкоолонуп куноо озундо болсо да?!!

Буларды Жээнбеков олтурбогону менен, ошого жооптуу адам ошол. Иштейм деп бийликке келген сон иштеш керек, болбосо кетсин!!! Башкасы кылат, жонго салат жол кыймылын...

Жол кыймылын жонго салса, кырсыктар азаят. Ошого башын жетпесе, коммент жазып эмне кыласын?!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан