Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча Өлкө чемпиондугунун 2-туру старт алды.
Аталган мелдеште жалпы 6 команда катышып, 1-турдун жыйынтыгында "Дордой" командасы 15 упай топтоп 1-орунда жайгашса, 2-орунду 10 упай менен "Ош Датка" командасы орун алган. Ал эми 3-орунда 9 упай менен өлкөбүздүн 9 жолку чемпиону "Салам-Алик" командасы жайгашкан.
Өлкө чемпиондугу 15-июнда жыйынтыкталып, мелдештин жабылыш аземи орун алат.
11-июнь
11:00 "Салам-Алик" - "Билим";
12:30 "Дордой" - "Улар";
14:00 "Ош Датка" - "Сольвейг Спорт".
12-июнь
11:00 "Ош Датка - "Билим";
12:30 "Салам-Алик" - "Улар";
14:00 "Сольвейг Спорт" - "Дордой".
13-июнь
11:00 "Ош Датка" - "Салам-Алик";
12:30 "Дордой" - "Билим";
14:00 "Улар" - "Сольвейг Спорт".
14-июнь
11:00 "Улар" - "Ош Датка";
12:30 "Дордой" - "Салам-Алик";
14:00 "Билим" - "Сольвейг Спорт".
15-июнь
11:00 "Улар" - "Билим";
12:30 "Дордой" - "Ош Датка";
14:00 "Сольвейг Спорт" - "Салам-Алик";
Жабылыш жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи.