Бишкекте ишкер 53 миллион сом салыкты төлөбөй жүргөн деп кармалды

Бишкектеги ишканалардын бири ири өлчөмдөгү салыкты төлөбөй жашырып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Биздин мекеме салык мыйзамдарын аткаруу боюнча текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада “А.К” жоопкерчилиги чектелген коомунун бир нече убактан бери өлкө казынасына 53 миллион сом салыкты төлөбөй жашырып жүргөнү аныкталган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 2013-беренесинин (чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарынын ири өлчөмдө салыктарды төлөөдөн четтөөсү) негизинде кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары текшерүүдө “А.К” ишканасынын жетекчисине салык төлөбөй жүргөн дагы алты ишкана тиешелүү экени аныкталган”, - деп жазылат билдирүүдө.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ал компаниялардын негиздөөчүсү Х.С камакка алынган. Тергөөнүн жүрүшүнө ылайык, компаниянын жана анын негиздөөчүсүнүн аты убактылуу аталбай тургандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chikeusenov
2018-06-11 15:45:14
Эллен жаап жашырып чогтоко соккула Эми ушинтип аты жонун айтпаса кантип онугот Кыргызстан баарын ачык айкын айтылса ошол жакшы болотко дейм
+1
altyn7776
2018-06-11 16:58:11
Мен тангалам да, эмнеге атын коомчулукка атабай иш кылышат? Мейли иштин журушундо дейли, бирок аягында деле ошол ишкерлер х бойдон билинбей калууда го?Коррупциянын олугу ушул жерде жаткан жокпу, ыя туугандар?
+4
Aidar151080
2018-06-11 18:16:26
Атын-жөнүн, кайсыл ишкана, кайсыл фирма толук жазып, сүрөтү кошо чыгарса, бир аз болсо да азаят беле. Кичине уяттуулук пайда болот беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан