ЖЫЛНААМА, 12-ИЮНЬ: 18 жашында Испаниянын секс-символу аталган актёр Марио Касас 32 жашка толду

"Ашыктык асманында" тасмасынын башкы каарманы, испаниялык актёр Марио Касас бүгүн, 12-июнда 32 жашка толду. Ал 1986-жылы Испаниянын Ла-Корунья шаарында төрөлгөн.

Бала чагында болочок актёр спорт менен машыгып, келечекте элге жардамы тийген коргоо кызматкери же өрт өчүрүүчү болгусу келчү. Бирок убакыт өтүп, актёрлук карьера өзү үчүн баарынан маанилүү жана кызыктуу экендигин түшүнө баштайт. 8 жашынан баштап ар түрдүү жарнамалык роликтерге тартылып, өзү үчүн жаңы дүйнөнү – актёрлук чөйрөнү ачат. Ушундан тарта камера менен иштөө ага жагып, актёрлук чеберчиликти ийне-жибине чейин өздөштүрүү максатында актриса, продюсер Кристина Ротанын актёрлук мектебинен сабак ала баштайт. Чыныгы ийгилик Мариого 2006-жылы "Коркпой кыялдануу" ("Мечтать без страха") сериалына тартылгандан кийин келип, ал 18 жашында Испаниянын секс-символуна айланган. Ошол эле жылы өз кумири Антонио Бандерастын "Жайкы жамгыр" ("Летний дождь") тасмасына тартылып, атактуулукка карай дагы бир чоң кадам таштаган.

Испаниялык актёр Марио Касас 2010-жылы жарык көргөн "Ашыктык асманында" тасмасында Ачи аттуу жигиттин ролун жаратып, өзүн дүйнөгө тааныта алган. Тасманын экинчи бөлүгү "Ашыктык асманында. Мен сени каалап жатам" деген аталышта чыгып, анда да Ачинин образын мыкты аткарган.
Мындан сырткары Марио Касас "Мээнин агуусу", "Секс, кечелер жана жалган", "7-топ", "Неондуу дене", "Кеме", "Исмаил", "Сугаррамурддук шайтандар" тасмаларында жана Испаниянын белгилүү долбоору болгон "Ковчег" сериалында башкы каармандын ролун жараткан.
Жеке жашоосуна кайрылсак, алгачкы "Мээнин агуусу", "Коркпой кыялдануу" аттуу тасмалардагы өнөктөшү, актриса Амайа Саламанка менен бир топ убакыт жолугушуп жүргөн.
Көп өтпөй алар эки башка жолго түшкөндөн кийин актёр "Ашыктык асманындагы" сүйүктүүсү Мария Вальверде (Баби) менен мамиле курат. 2014-жылы түгөйлөрдүн сүйүүсүнө чекит коюлуп, актёр "Кардагы пальмалар" тасмасындагы өнөктөшү Берта Васкес менен сүйүү романын куруп келет.
12-июнга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nevestkaa
2018-06-12 01:08:00
Ачи Ачи
+1
Ajara_13
2018-06-12 01:29:20
♡♡♡♡♡♡♡
-1
EEsennnn
2018-06-12 04:21:06
Achi krassafxbr
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан