Британиялык ырчы Робби Уильямс жана белгилүү футболчу Роналдо футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылышына катышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Робби Уильямс жана белгилүү бразилиялык футболчу Роналдо 14-июнда футбол боюнча Дуйнө чемпиондугунун ачылышына катышат. Белгилүү болгондой, ачылыш аземи "Лужники" стадионунда Орусия-Сауд Арабия улуттук курама командаларынын беттешинин алдында өтөт.
"Мен бактылуумун, кайрадан Орусияга ушундай чоң масштабдуу иш-чаранын ачылышына бара жатканыма өтө кубанычтамын. Мен көп нерсеге жетиштим, бирок стадиондо орун алган 80 миң көрүүчүнүн алдына чыгуу - бул бала кездеги кыялым", - деп билдирген Уильямс.
Ал эми Бразилия улуттук курама командасы менен Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон Роналдо эң ири спорттук мелдеш эсептелген Дүйнө чемпиондугунун ачылышына катышуу ал үчүн сыймык экенин айткан.
"Футболчулар үчүн да көрүүчүлөр үчүн да Дүйнө чемпиондугу 4 жыл бою күткөн майрам. Ар бир футбол дүйнөсүнө кайдыгер эмес адамды бул ирет унутулгус көз ирмемдер күтүп турат деп ишенем", - деп айткан футболчу.
Футбол боюнча Дүйнө биринчилиги 14-июндан 15-июлга чейин орун алат. Анда 32 курама катышат. Оюндар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо өтөт.