Белгилүү актёр Роберт Де Ниро түз эфирде Дональд Трампты сөктү

Белгилүү актёр Роберт Де Ниро түз эфирде Дональд Трампты сөктү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, түз эфирде берилип жаткан "Тони" театралдык сыйлыгын тапшыруу аземинде белгилүү актёр Роберт Де Ниро АКШнын президенти Дональд Трампты сөккөн. Театрда болгон жетишкендиктери үчүн сыйлыкка татыктуу болгон музыкант Брюс Спрингстинге сыйлык тапшыруу үчүн сахнага чыккан актёр микрофонго келип “First, I wanna say, ‘F*** Trump!" (башында менин айтарым, Трамп с****н!) - деп билдирген.

Маалыматка ылайык, залда отурган белгилүү актёр, режиссёрлор жана продюсерлер актёрдун бул сөзүн кол чабуулар менен коштошкон. Ал эми иш-чараны түз эфирде берип жаткан "CBS" каналы актёрдун сөгүнгөн сөзүн атайын үн менен басканга жетишип калышкан. Мындан улам көрүүчүлөр актёрдун АКШнын президентин сөккөн сөзүн угушкан эмес.

Белгилүү америкалык актёр Роберт Де Ниро 1943-жылы туулган. Ал күйөрмандарга "Өкүл ата" ("Крёстный отец"), "Ойгонуу" ("Пробуждение"), "Ата-эне менен таанышуу" ("Знакомство с родителями"), "Стажёр", "Казино" жана башка тасмаларда жараткан образдары менен кеңири белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан