Футбол боюнча Аргентина курама командасынын машыктыруучусу сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаганы тууралуу маалымат кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футбол боюнча Аргентина курама командасынын машыктыруучусу Хорхе Сампаоли курама команданын ашпозчусу болуп эмгектенген Габриэле Аньелього карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаган деген маалымат тараган. Аталган кабар коомчулукта кызуу талкуу жаратып, көптөгөн ой-пикирлер айтылган.
Ал эми Аргентинанын футбол федерациясынын жетекчиси Клаудио Тапиа бул жөн гана ушак экенин айткан.
"Хорхе Сампаолини тууралуу айтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул Дүйнө чемпиондугунун алдында болуп жаткан каралоо. Бул маалыматты тараткан Аньельо аттуу журналист бир канча ирет курама команданын мүчөлөрүн каралоого аракет кылган", - деп билдирген Тапиа.