Бишкекте балмуздак фестивалы өтөт

Бишкек шаарында IV балмуздак фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Олеся Семикоз билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл сайын өтүүчү балмуздак фестивалы борбор калаабыздагы сейил бактардын биринде орун алат. Фестивалдын жүрүшүндө эстрада жылдыздарынын, цирк артисттеринин, бий топторунун катышуусунда концерт уюштурулат. Ал эми кичинекей катышуучулар үчүн атайын ар кандай оюн-зооктор уюштурулат.

"Бул жылы уюштурулган фестивалдын жүрүшүндө демөөрчү компания катышуучуларга миң адамга эсептелген балмуздак таратат. Эгерде катышуучулардын саны көп болсо анда кошумча дагы балмуздактар таратылат", - дейт Семикоз.

Ошондой эле фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар ар кандай сынак, оюндарга катышып белектерге ээ боло алышат. Иш-чара 17-июнда "Фламинго" сейил багында саат 11:00дөн 20:00гө чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан