Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына 5 жашар кыз агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июнь күнү саат 14:15 чамасында ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Ишматов көчөсүндө Ак-Буура дарыясына 5 жашар кыз агып кеткен жерге чакыруу боюнча барышкан.
"Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар кызды куткарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок кыз ооруканада каза болуп калды", - деди басма сөз кызматкери.