Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 120 унааны камакка алды

Өлкөгө мыйзамсыз киргизилген Lexus GX470 үлгүсүндөгү автоунаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, унаа 1-июнь күнү Бишкек шаарынан кармалган. Жылдын башында Ички иштер министрлиги ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн уурдалган 45тен ашык кымбат-баалуу унаалар Кыргыз мамлекетинен табылганын кабарлаган. Бул унаа да ошол коррупциялык схема менен өлкө аймагына киргизилгени маалым болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ал өлкөгө жасалма документтер аркылуу 2017-жылы кирип, Каракол шаарында каттоодон өткөнү аныкталган. Ошондой эле кылмышты жаап-жашыруу максатында мамлекеттик тиешелүү органдар да бир нече жолу кайра каттоодон өткөрүлгөн. Аны алып кирүүдөн өлкө казынасына 1 миллион 979 миң сом зыян келтирилген”, - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 204 (аткезчилик), 350 (документтерди жасоо) беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Ошондой эле иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында 120дан ашык автоунаанын документтери жасалма жол менен жасалганы аныкталып, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
keba300989
2018-06-12 14:32:12
120 дегенделе калганын окугум келбей калдыле
+3
Azatbek.Svoboda.
2018-06-12 14:33:01
Карапайым элди чукулабай бийликтегилерди чукулагыла! Кээчке элдин башын айлантып убакыт өткөрбөй боло турган жумуш кылгыла Убактылуу өкмөттөн баштап азыркы бийликтеги жемкор дардаңдабайларды 120 пайдасыздардын алардын иштерин текшергиле!
+4
jbolotov
2018-06-12 19:31:32
Атамбаевдин ХХХХ, мамлекетибиз учун зыяндуу келишимдердин жемиши ушулар! Жакшынакай машиналар Лексустар бизге алдамканча баа менен келип тушчу, азыркы ЕАЭБ тарифи боюнча Кыргызстан Россиянын мусорлорун алышыбыз керек же издоодо турган Лексустарды ушинтип арзан алып анан юридикалык проблема болуш керек. ГСБЭП эми ойгонгонсуп кармаптырда, угон болгон машиналардын баары жогорку кызматтагыларда экен ошондуктан жабылук аяк жабылуу бойдон калып келаткан.
0
Dimonbek
2018-06-13 01:22:44
Бул озу миллион 800мин турбайт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан