АКШда кылмышкер 4 баланы туткунга алып өлтүрдү

АКШда кылмышкер 4 баланы туткунга алып өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарында эркек киши 4 баланы туткунга алып, 1 сутка өткөн соң үйдүн ичинен балдардын жана кылмышкердин жансыз денеси табылган.

Белгилүү болгондой, каргашалуу окуя кылмышкердин аялы полиция кызматкерлерине балдары менен үйүндө кордук көрүп жатканын маалымдаган соң болгон. Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлерине шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, үй камагында жаткан Гэри Уэйн Линдси ок чыгарып, балдарын туткунга алган. Арадан 1 сутка өткөн соң ал балдарын жана өзүн атып өлтүргөн.

Айрым маалыматтар боюнча Линдси өлтүргөн 2 бала өзүнүн балдары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aydinnur
2018-06-12 16:55:50
Бул ит тозокто күйсүн(((Кантип ушуну окугандан кийин маданияттуу сөз жазасың((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан