Италияда британиялык моделди алып качкан жаран 16 жылга эркинен ажыратылды

Италияда британиялык моделди алып качкан жаран 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 20 жаштагы британиялык модель Хлоя Эйлингди алып качкан поляк улутундагы Лукаш Хербди сот 16 жылга эркинен ажыратты.

Белгилүү болгондой, Лукаш Хербдин жактоочулары бул алып качууну Эйлинг өзү уюштурганын айтышкан. Ал эми Херб өз кезегинде Эйлингди сүйүп калганын жана "Бардык жолдор менен" аттуу тасмасынын таасири алдында аны алып качканын билдирген.

"Мен Эйлинг үчүн бардыгына даярмын, керек болсо менин алып качуум ага пайда алып келип, ал дүйнөгө таанылды", - деп айткан Херб.

Айта кетсек, Хлоя Эйлингди 2017-жылдын 11-июлунда Милан шаарында белгисиз адамдар алып качышкан. Андан соң моделди 6 күн бою шаар четиндеги үйдө кармашкан. 17-июль күнү кылмышкерлердин бири Лукаш Херб аны Британиянын элчилигинин алдына алып келип таштап кеткен.

Азыркы тапта алып качууга катышкан Хербдин агасы Англияда камакта экени белгилүү болгон.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nelli
2018-06-12 18:18:14
Бизден уйронгон го)))
+3
monster_high_98
2018-06-13 09:40:06
Кыргыздар алып качат,менин колумдан келбейт бекен деди да,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан