"Манас" эл аралык аэропортунан Тажикстандын акциздик маркасы түшүрүлгөн 270 миң даана "Rothans" жана "Winston" үлгүсүндөгү чыпкалуу тамекилер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзамсыз товарлардын кармалганына 2 күндөн ашкан.
"Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, кармалган товардын жалпы наркы 678 миң 500 сомду түздү. Бул иш боюнча иликтөө иштери жыйынтыкталган соң, иш прокуратурага өткөрүлүп берилет. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык мыйзамсыз ташылып бараткан товарлардын ээси жана кайсы жакка ташылып баратканы айтылбайт", - деп кошумчалады басма сөз кызматкери.