Баткенде 62 жаштагы жарандын жансыз денеси өзүнүн короосундагы чуңкурдан табылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы үйлөрдүн биринин короосунан үй ээсинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кызыл-Кыя шаарындагы Жал көчөсүнүн тургуну 51 жаштагы Р.А. аттуу аялдын күйөөсү өзү жашаган үйдүн короосундагы чуңкурдун ичинен табылды. Чуңкурдун тереңдиги 1 метр 90 сантиметр, туурасы 110 сантиметр болгон. Маркум Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 62 жаштагы А.А. аттуу тургуну болгон. Учурда өлүмдүн себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulnyr19
2018-06-12 15:05:16
Тобоо кылдым
0
Zainidin96
2018-06-12 15:08:44
Жайы жаннатта болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан