Путин Жээнбековду Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине чакырды

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Москва шаарына барат. Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков 14-июнда футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин ачылыш аземине катышмакчы.

Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо өтөт, анда дүйнөнүн 32 мыкты командасы күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Azat.97
2018-06-12 17:17:40
Стадионун коруп келсинчи.Балким бизге да салынып калаар
+16
ETAAA_18
2018-06-12 17:18:56
В.Владимирович рахмат за приглашение!!! Мы рады увидеть рядом с Вами на открытие ЧМ своего президента.
+3
Jango
2018-06-12 17:29:28
Туура барып поддержка берип койсун
0
fora
2018-06-12 17:56:59
Жээнбеков деле кыйратбайт окшойт бул журушундо соттук реформа деп кайра эле орун алмашып жатат
-3
jbolotov
2018-06-12 19:12:16
Санкция шартында калган Россия учун дуйнолук абройлуу олкордун оюнчулары башчылары келбеери тушунуктуу, ушундай шарттарда Кыргызстанга иши тушкон экен Путиндин, экинчиден Орто Азия Россиянын созун суйлойт дегендин белгиси бул чакыруу, Жээнбеков айласыздан барат.
+5
surgeon777
2018-06-12 21:50:18
jbolotov,туптуура айттын тууган!
+2
KAYRATBEK
2018-06-12 23:08:32
Чыкырса да жакпайт. Чыкырбаса да жакпайт.

Кыргыздар тынч элесинерби? Москвада жамгыр жаап Кыргызстанда кун ыссып.

Акыл эс жайында болсо болду.
+4
Rasul94
2018-06-13 01:26:47
Бул жакшы жанылык.бизге эчнерсе жакпайт озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан