Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын бири 2 миң 900 доллардан төлөгөн 50дөн ашык чет элдик студентти окуудан чыгарып койгон. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, элүүдөн ашык чет элдик студент мыйзамсыз каражатты ээлеп алуу боюнча арызы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылышкан. Студенттер өз арыздарында 2017-жылдын сентябрынан баштап ар бири окуу акысына 2 миң 900 доллардан төлөгөнүн, бирок аныктаган эч кандай документтерди бербегенин, ал каражаттар кассага катталбаганын жазышкан. Натыйжада студенттер окуу акысын төлөбөдү деп окуу жайдан чыгарылганын белгилешкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, аталган окуяга тиешеси бар мугалимдерди аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта. Ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуу жайдын аты азырынча айтылбай тургандыгы белгиленген.