Хакасияда өткөн "От ыры" эл аралык фестиваль-сынагында Кыргыз өлкөсүнөн барган Милана Сариева биринчи орунду багындырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган сынакта калыстык кылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева билдирди.
"5-этникалык "От ыры" эл аралык фестиваль-сынагына Кыргыз өлкөсүнөн Милана Сариева жана Марсиана аттуу ырчы кыздар катышты. Сынак 3 баскычта өтүп, финалда Милана Сариева 1-орунду багындырып, диплом жана акчалай байгеге ээ болду", - дейт ал.
Белгилей кетсек, "От ыры" эл аралык фестиваль-сынагы 11-13-июнь аралыгында өтүп, ага 10 мамлекеттен 30дан ашуун конкурсант катышкан. Ал эми буга чейин аталган этникалык сынакка "Асман" дуэти жана ырчы Адилет Азимов катышып Гран-Прини жеңип келген.