Рамзан Кадыровдун футболчу Мохаммед Салах менен эл алдына чыгуусу кескин сынга алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Египет курама командасынын чабуулчусу Мохаммед Салах эс алып жаткан учурда ага Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров келгенин жана ал аны күтүп жатканын билдиришкен. Андан соң өлкө башчысы учурда жылдызы жанып турган чабуулчуну аны стадионго коштоп барууну өтүнгөн. Футбол боюнча ал менен бирге африкалык курама команда миңдеген күйөрмандардын коштоосунда ачык машыгуу өткөрүп жаткан стадионго бирге чыгып, күйөрмандар менен жолуккан.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар Рамзан Кадыров мындай кадам менен өзүн жарнамалагысы келгенин айтып, эс алып жаткан Салахтын тынчын алганын сынга алышкан.
Айта кетсек, Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде "Реал Мадрид" жана "Ливерпуль" командалары кез келген. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө англиялык клубдун чабуулчусу Мохаммед Салах ийининен жаракат алган. Буга карабастан чабуулчу өз өлкөсүнүн улуттук командасынын курамында Дүйнө чемпиондугуна келген.