Кара-Кулжада унаа оодарылып кетип, айдоочу каза болду

Ош облусунун Мырзаке-Алайкуу унаа жолунда жол кырсыгы катталып, окуя болгон жерден машинанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жол кырсыгы кечээ, 12-июнда саат 15:00 чамасында болгон.

"Мырзаке-Алайкуу унаа жолунун 40-чакырымында Ауди 100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаанын ээси 52 жаштагы Кара-Кулжа районунун тургуну С.Т. каза болгон. Ал эми машинадагы эки жүргүнчү аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда абалы туруктуу. Бул кырсык боюнча Кара-Кулжа РИИБи териштирүү иштерин баштады", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан