Кара-Сууда жеңил унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 12-июнда саат 23:40 чамасында Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Тельман айылындагы унаа жолунда болгон.

"Сарай айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну И.Ш. өзүнүн ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Каза болгон жарандын жашы 40-45 жаштар чамасындагы эркек киши. Анын өздүгү такталууда. Бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБи тийиштүү экспертизаларды даярдап, учурда тергөө иштери башталды", - деди маалымат катчы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан