Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Германиянын Халла шаарында "Жамиля" тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, аталган иш-чарага Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эринес Оторбаев катышып, келгендерге ыраазычылык айтты. Ал бүгүнкү күндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жаштардын кызыгуусу күн санап өсүп жатканын билдирди. Муну менен катар эле жазуучунун чыгармалары дүйнө окурмандарына кызыктуу экенин белгиледи. Ал эми "Жамиля" тасмасын көрсөтүү алдында Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген адабиятчы Ирмтрауд Гучке тасма тууралуу кыскача баян курду.
Ирмтрауд Гучке Германияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө жазуучуга арналган ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет. Ал Айтматов тууралуу "Каркыралардын убадасы" аттуу китеп жазган.