Кара-Кулжа райондук соту жашы жете элек кыз менен никеге турган Нурланга (А.у.Н. аты өзгөртүлдү) карата чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында жарыяланды.
Эмнеге күнөөлөп жатат?
Соттолуучу Нурлан Жазгүл (С.Ж. аты өзгөртүлдү) менен таанышып, аны менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп Жазгүлдүн жашы никеге туруу курагына толо электигин билип туруп, аны менен никелешип үйлөнгөн.
Айыпталуучу эмне дейт?
Кара-Кулжа айылындагы кесиптик лицейде окуп жүргөн учурда таанышканын, кийин Жазгүл менен баш кошуу тууралуу сүйлөшүп, ал макул болгондо нике кыйдырып үйүнө алып барган. Мындан сырткары Жазгүлдүн туугандары экөөнүн баш кошконунан кабардар болушкан. Ошондой эле жубайынын жашы нике курагына жете электигин билгенин көрсөтмө берген.
Жазгүл эмне дейт?
Үч жашында ата-энеси ажырашып кетип таятасынын колунда чоңойгон. 8-класска чейин Кара-Кулжа айылында окуган. Кийин лицейде окуп жүргөн мезгилде Нурлан менен таанышып кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Кийин өз ара баш кошууну сүйлөшүп молдого нике кыйдырышканын, молдо андан жашын сураганда ал айтпай койгонун, жолдошу анын жашы жете электигин биле турганын айткан.
Кызды төрөткөн акушер Жаңылай (Р.Ж. аты өзгөртүлдү) эмне дейт?
Жумушка нөөмөт боюнча ишке келгенин, Жазгүл уул төрөгөнүн, ал төрөт үйүнө түшкөндө жанында паспорту жок болгондуктан эненин тарых баракчасында туулган жылы толтурулбай калган. Жазгүлдү төрөт үйүнөн чыгарып жатканда жашы жете элек экени аныкталган. Мындан улам Жаңылай жетекчиликке билдирүү берген.
Жазгүлдүн таажеңеси Толгонай (Ж.Т. аты өзгөртүлдү) эмне дейт?
Нурландын атасы жаштар өздөрүнчө нике кыйдырып алганын, Жазгүлдүн таятасынын алдына кулдук уруп келгенин айткан. Бирок Жазгүлдүн жашы жете электигин, мындан улам макул болбой турганын айтышкан. Ал эми Нурландын атасы алар буга чейин эле нике кыйдырып алганын билдирген.
Натыйжада
Райондук сот Нурланды 2 жылга шарттуу түрдө эркиндигинен ажыраткан.