Ноокатта эки унаа кагылышып, бир өспүрүм жана ымыркай бала жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Окуя 11-июнь күнү Ош-Исфана жолунда катталган.
“Кадамжай районунун 1996-жылы туулган тургуну К.Д.нын башкаруусундагы Mazda 323 үлгүсүндөгү автоунаа менен Ноокат районунун 1970-жылы туулган тургуну А.С. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Нonda Accord үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Натыйжада Мазда 323 үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 6 жаштагы А.Ж. аттуу жүргүнчүсү жана 2018-жылы туулган А.С. аттуу ымыркай денесинен жаракат алып Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген”, - деди маалымат катчы.
Учурда эки унаага тең автотехэкспертиза дайындалып, алар Ноокат районундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн убактылуу айып короосуна токтотулганы айтылат. Учурда бул факт боюнча тергөө иши жүрүүдө.