
ФИФА Орусияда өтө турчу футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктан 6 миллиард доллар киреше табат. Бул тууралуу АКШлык The New York Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Орусияда эртең баштала турчу Дүйнөлүк чемпиондукта ФИФА рекорду 6 миллиард доллардан ашык киреше табат. Бул каражат эл аралык футбол федерациясы пландагандан 10 пайызга жогору.
Белгилүү болгондой, 2014-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө биринчилигинде федерация 4 миллиард доллардан ашык каражат тапкан. ФИФА оюндарды чагылдырып берүү укугун саткандан эле 3 миллиарддан ашык киреше тапкан. Мындан сырткары федерация 1 миллиарддан ашык каражатты демөөрчүлүк келишимдерден табат.
Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө биринчилиги 14-июнда башталып 15-июлга чейин өтөт. Анда 32 курама катышат. Оюндар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо өтөт.