Кыргызстандык спортчу Михрнисо Нурматова өз салмагы боюнча дүйнөлүк күрөш чеберлеринин арасынан 9-орунга татыктуу болду. Бул тууралуу 25-июнда Эл аралык күрөш федерациясы билдирди. Июнь айындагы жыйынтыгында 49 килограммдык салмак боюнча дүйнөлүк рейтингде мекендешибиз 9-орунга илинди.
Эскерте кетсек, Михрнисо Нурматова 2013-жылкы Азия чемпиондугунда 3-орунду алган.