Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2026 АКШ, Мексика жана Канадада өтөт

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2026 кайсы өлкөдө өтөрү белгилүү болду. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Москвада Эл аралык футбол федерациясынын 68-конгресси өттү. Анда 2026-жылы чемпиондук АКШ, Мексика жана Канадада өтөрү аныкталды.

Турнирдин дароо 3 өлкөдө өтүүсү биринчи жолу пландалып жатканы белгиленген.

"Марокко да чемпиондукту өткөрүүгө өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми АКШ, Мексика жана Канада спорттук таймашты өткөрүү боюнча биргелешкен арызын берген. Ачык түрдө добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биргелешкен өкүлдөргө "макул" деген 134 добуш берилген", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Мароккодо өтүүсүнө добуш берүүгө катышкандардын 65и "макул" болгон. Бир катышуучу "баарына каршы" добушун берген.

"Бизде жеңүүчү бар. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2026 АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Мароккодон келген делегацияны да эң сонун аракет, иштери менен куттуктагым келет. Ошондой эле бирдиктүү арыз ээлерин да куттуктайм", - деген Футбол боюнча эл аралык федерациянын президенти Джанни Инфантино.

Буга чейин Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2022 Катарда өтө тургандыгы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ali-han
2018-06-13 19:52:29
3018 жылы Кыргызстанда өтсө керек!!!
+7
Azatbek.Svoboda.
2018-06-13 21:42:01
Ali-han,3018кылымдан кийинби?!
+2
sirgak_92
2018-06-13 19:56:15
Кыргызстан арыз берсе балким откормок.За то стадиондор курулмак шаарлар онукмок
-4
Azatbek.Svoboda.
2018-06-13 21:44:11
sirgak_92,Баткенге барып бы? Өзбектер өткөрөт десе ишеничтүү болмок. Биздикилер кресло талашып экс ажосу менен азыркы ажосу спектакль аткарып жүрүшөт анан кайдагы өнүгүү футбол өткөрүү!!!
-4
toktor89
2018-06-13 22:13:18
sirgak_92, ата бала баары коррупционер болот стадион салынса
0
surgeon777
2018-06-14 00:12:22
Россия ушул чемпионаттан 6миллиард пайда табат экен,эгерде биздин олкодо откондо тышкы карызыбыздан толук кутулмак экенбиз))
Биздин олко да чон чон стадиондорду,обьекттерди салып туристтерди кабыл алып,чемпионат откорууго чамабыз жетип калаар келечекте..
0
Akmatov030
2018-06-14 00:35:04
Кыргызстанда отпой калдыго
0
Akmatov030
2018-06-14 00:35:43
Азия чемпионат отсо да 3019да
-1
Alymbek.A
2018-06-14 00:40:56
Кыргызстанда 2030 ж откорусун кутобуз ?
+1
barsbegKG
2018-06-14 02:48:10
Менин тамашакөй ага-инилерим бизде өтсө дейт го. Айла жок жылмайасың да. Мароккону мынчалык дарамети бар деп ойлогон эмесмин
+1
Moon1727
2018-07-10 16:42:46
Кыргызстанда өтпөйт 50 жылда дагы ага чейин канча мамлекеттер өнүгөт Кыргызстан ушул боюнча эле калат
0
Moon1727
2018-07-10 16:44:27
Биздин стадиондор начар кичине мини стадиондордо өткөрүп ататко Топ лиганы өзү зорго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан