Бүгүн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат

Бүгүн, 14-июнда Орусиянын Москва шаарында спорт дүйнөсүндөгү эң ири иш-чаралардын бири болгон футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат.

Орусиянын аймагында өтүп жаткан 21-Дүйнө биринчилиги Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда башталат. Биринчиликтин эң алгачкы беттеши Сауд Арабия жана талаа ээси болгон Орусиянын улуттук курама командаларынын ортосунда болот.

Чемпиондукта жалпысынан 8 тайпага бөлүнгөн 32 улуттук курама команда ат салышат, биринчилик 1 айга созулуп акыркы финалдык оюн 15-июлда болуп өтөт. Иш-чаранын ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Ал эми алгачкы беттеш ачылыш аземинен кийин орун алат.

Дүйнөлүк букмекердик ишканалар жана спорт серепчилеринин алдын ала берген маалыматтары боюнча, бул чемпиондуктун эң алдыңкы командалары Бразилия, Германия, Франция жана Португалия экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
ilgizk
2018-06-14 09:38:21
КЕчки саат 21:00 дө Россия Сауд Аравия ойнойт,
0
FCB14
2018-06-14 09:41:44
Португалия фоварит эмез эч качан
-7
Motorola-Samsung
2018-06-14 09:52:23
FCB14,силер учун
+4
Kanybek121195
2018-06-14 10:02:46
Испания Аргентина дегендер фаварит емеспи. Мен Португалия же Испания алышын каалайт елем. Асенсио же Роналду.
+2
KgKerim
2018-06-14 10:27:54
Месси алат буйурса Португалия группадан чыгып алсынчы
-6
duishonbek03
2018-06-14 10:33:48
KgKerim,Аргентинаң да группасынан чыгып алсынчы
+2
FCB14
2018-06-14 11:10:58
duishonbek03, Аргентина 100%чыгат
гпуппадан 1 чи болуп
-2
O.dembele
2018-06-14 16:10:12
FCB14,Буйурса месси 2022жылы дагы ойноп калышы мумкун Роналду алышын калаайым өзүм Аргентинамын
0
duishonbek03
2018-06-14 10:34:15
Португалия го экинчи болсо да чыгат
+2
Bekboloooot
2018-06-14 10:48:06
Эми аны убакыт көрсөттөт туугандар!
0
Turdakun85
2018-06-14 10:53:25
Бразиля чемпион болот атак португалия алга
+1
FCB14
2018-06-14 11:12:03
Turdakun85, Бразилия кучтуу бирок оюнчулары
жаш тажырыйба жок
+2
Azat.97
2018-06-14 11:40:19
Португалия алга.Роналду бомбардир болот буйруса
+2
Leilek91
2018-06-14 11:47:28
Ставканы каяктан койсок болот кайсы жердин каефиценти жакшы
-1
Boobek_5
2018-06-14 12:02:54
Бразилия 6чы жолу чемпион болот.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан