Казакстандын жараны Чүй облусунан 500 килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-июнда саат 20:20 чамасында ИИМдин баңгизатты сатууга каршы күрөшүү кызматы ыкчам изилдөө иш-аракеттеринин алкагында Аламүдүн районунун Луговой көчөсүнөн Aуди үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны 57 жаштагы А.С. аттуу коңшу өлкөнүн жараны башкарып бара жаткан. Унааны тинтүү учурунда артынан жана салонунан 30 литрлик 14 канистрге куюлуп, жалпы салмагы 500 килограммды түзгөн сары түстөгү өзгөчө жыты бар суюктук табылган.
"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда", - деди маалымат катчы.