Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында жалпы аянты 80 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 13-июнда саат 15:00 чамасында болгон. Өрттүн кесепетинен 63 жаштагы Н.Б. аттуу үй ээси III даражадагы күйүк алып, №4-шаардык ооруканага жеткирилген.
Өрттүн себеби такталууда.