Чүй облусунун Москва районунда мындан 2 жыл мурун аталаш бир туугандар аялдын айынан жаңжалдашып, чыр өлүм менен аяктаган. Кандуу окуяда аталаш бир туугандардын бири көз жумса, экинчиси 12 жылга эркиндигинен ажырады. Мындай чечимди Москва райондук соту чыгарып, кийин иш облустук сотко өткөн. Бул инстанция райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Маалымат Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Аялын кызганып аталаш тууганынын жыныстык мүчөсүн кесип салган
Окуя 2016-жылдын 15-июнунда түн ичинде Москва районунун Беш-Терек айылында болгон. Анда 2 эркек киши кызганычтан улам мушташа кетип, кесепети адамдын өлүмүнө алып келген.
Тактап айтканда, ошол күнү Азамат (аты өзгөртүлдү) агасы Бекболот (ысымы өзгөртүлдү) менен өз ара сүйлөшүп алып, Каныбекке (ысымы өзгөртүлдү) телефон чалып, айылдын түштүк тарабындагы жолдон жолугушууну айткан. Телефон чалган учурда Каныбек Бишкек шаарында экенин, бирок Азаматтын чакыруусунан баш тартпай турганын айткан.
Андан соң Азамат, Бекболот жана Каныбек айтылган жерден жолугушкан. Ал жерде Азамат Каныбекке "Менин аялым менен мамилең бар экен" деп ортодо уруш чыккан. Каныбек жанына ала келген бычак менен тап берип "Мен эмнени кааласам ошону аткарам, сен багып жаткан бала меники, биз ошол кезде эле мамиле куруп жүргөнбүз" деген сөзү Азаматтын ачуусун келтирген.
Кыжырланган Азамат таштанды төгүлгөн жерден темир түтүктү алып келип башка чапкан. Каныбек жерге жыгылып, эч нерсеге алы келбей калганда бычак менен анын жыныстык мүчөсүн кесип салган.
Андан кийин айылга келип, Каныбектин жакындарына болуп өткөн окуяны айтып берген. Каныбек алган жаракаттарынан улам каза болуп калган.
Азамат: "Жумуш, иш деп жүрүп үй-бүлөмө көңүл бурбай калыптырмын"
"2016-жылдын 20-мартында эгин тааласында жүрсөм апам телефон чалып үйүнө чакырды. Үйгө келсем атам Каныбектин менин келинчегим Майрамга (аты өзгөртүлдү) СМС жазып жүргөнүн айтты", - деген Азамат өзүнүн көрсөтмөсүндө.
Бул сөздү уккандан кийин Азамат ачууланып аялына келип, уккандарын айткан. Каныбекке телефон чалып, анын үйүнө барып, окуяны сүрүштүргөн. Каныбек СМСти адашып жөнөтүп алганын билдирген.
"Мен аны өзүмө абдан жакын адам катары көрүп, эч кандай шек санаган эмесмин, ишенгем. Ошол сөзүнө да ишенип кайра үйгө келдим. Жазында талаа жумуштары көп болгондуктан иштеп жүрүп, Беловодск айылына келгенде унаамдан кат таап алгам. Анда Каныбек менен Майрамдын мамилесин көптөр биле турганы жазылыптыр. Ошол замат Каныбекке телефон чалып аны менен жолугуу үчүн талаага бардым. Биз кезиккен жерден уруша кеттик. Каныбек чөнтөгүнөн бычак алып чыгып мага тап берип, "эмне кааласам ошону кылам, аялың кош бойлуу болгонго чейин эле мени менен мамилеси болгон, ошондуктан сенин уулуң - менин да уулум" деген" деп айткан ал көрсөтмөсүндө.
Ошондой эле айыпталуучу Азамат окуя болгондон кийин үйүнө барып, андан соң кечинде милиция кызматкерлерине өзү барган. Айыпталуучу соттук отурумда үй-бүлөсү ал үчүн кымбат экенин, аларга убагында көп көңүл бурбай, жумуш менен гана алектенип жүрө бергенин, бул кылмышты жасаганына өкүнүп жатканын, Каныбекти өлтүрөм деген ой болбогонун кошумчалаган.
Майрам: "Каныбек интимдик мамилеге барбасаң күйөөңдү өлтүрөм деп коркутчу"
Майрам өзү Каныбек менен интимдик катнашта жүргөнүн тастыктап, бирок мындай мамиле Каныбектин коркутуусунан улам уланып келгенин айткан.
"Мен аны токтотууга аракет кылдым, бирок жыйынтык чыккан жок. Кайра кат жазып, "Мени сүйөм деп айтпасаң жаныңды койбойм, бул мамиле тууралуу сенин жолдошуңа айтам" деп коркута баштады. Мен Каныбекке бир дагы жолу кат жазган эмесмин. Кийинчерээк аялы экөө мени күйөөмө айтам деп коркута башташты. Акыркы жолу келгенде күйөөм үйдө сыналгы көрүп жаткан. Анан ал анын укташын күтүп, бир убакта мага "эшикке чык, чыкпасаң аны өлтүрүп салам деп СМС жазды" деген ал өзүнүн көрсөтмөсүндө.
Мындан тышкары Майрам акыркы жолу Каныбек менен март айында сарайда интимдик катнашка барганын айткан. Ал Каныбек алардын үйүнө конокко келип, түнкү саат 02:00 чейин жүрө бергенин да билдирген.
Соттук териштирүүдө келин Каныбектин мындай кадамы жакпаганын күйөөсү Азаматка айтканын кошумчалаган.
"2015-жылы ооруканадан келе жатканда Каныбекке жолугуп калып, үйүмө жеткирүүнү сунуштады. Бирок үйгө жетпей эле көпүрөдөн токтотуп, мени зордуктап, сүйө тургандыгын билдирди. Бул окуядан кийин мен эмне кыларымды билбей, апама айтып бергем. Мындай көрүнүштү токтотууга аракет кылганым менен Каныбек токтоткон жок", - деген ал.