Камак жайына баңгизат жана башка тыюу салынган предметтерди алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, СИЗО мекемесиндеги кабыл алуу бөлмөсүндө койдун башынан эки таңгак табылган. Алардын биринде жалпы салмагы 10 грамм спецификалык жыты бар зат, экинчисинде баштыкка оролгон 500 жана 200 номиналындагы бир нече купюра болгон. Баңгизат жана акча катылган азык-түлүктү камакта жаткан Ысык-Көл облусунун 34 жаштагы А.М. аттуу тургунуна алып келишкен.
Экспертизанын корутундусунан кийин алынган зат гашиш экени аныкталган. Мыйзамсыз иш аракетке барган 2 адам колго түшүрүлгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүмү (баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, сатуу, жүгүртүү жана ташуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөөлөр улантылып жатат.