Бишкекте жигит кызды ала качып, туугандары баргыча зордуктап койгон деп шектелүүдө

Бишкекте 18 жаштагы кызды ала качып, артынан туугандары баргыча зордуктап салышкан. Бул тууралуу "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Бишкек шаарында 10-июнь күнү катталган.

Жабырлануучу кыздын үй-бүлөсү шаардагы батирлердин биринде турушчу экен. Ошол батирдин ээси (аял киши) аталган күнү саат 17:00 чамасында кызды алдап чакырып, ала качтыруу максатында унаага салып берген. Кыздын артынан атасы чыгып унаага жетпей калган. Ошол эле убакта жабырлануучунун эжеси, туугандары жана милиция кызматкерлери ала качкандардын каякта экенин таап баргычакты бир күн өтүп кеткен. Себеби кызды шаардан тышкары алып кетишкен. Бул убакта кыздын күч колдонуп зордукталып калганы аныкталган. Бирок кыз ала качкан жигит анын таанышы эместигин айткан. Учурда жигит кармалды, ал эми кыз ооруканада жатат.

"Бул жерде кызды унаага салып берген аял, ала качып барганда аны отургузган аялдар да жоопкерчиликке тартылыш керек деди" Азиза Абдирасулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Sonya302712
2018-06-14 14:00:52
Ала качууга тийешеси барлардын баарына катуу чара корулсун!!!
+12
States
2018-06-14 14:03:55
Кыргыз экениме уялам
-8
engel
2018-06-14 14:13:39
Таакыр эле кокмээ болдук го айткан сайын кайра кучоп! Эркек сооройлорубуз да олгону калганбы? Бурулайдын олуму эч кимге сабак болгон жокпу?! Неге мынча карангылар коп арабызда?! Эми бул байкуш озунун жанын кыйып салбаса болду элди кантип карайм деп
+11
Aruwka.89
2018-06-14 14:32:26
Эшек жанакы чалып Берген аялга жиним келип атат кандай акысы бар жузу жок!
+6
Majit1975
2018-06-14 14:35:34
Бул жерде подстава да болушу мүмкүн кыздын абийирин жабыш үчүн
-5
yrmat88
2018-06-14 14:38:12
Кылмышка соучастниктерин кошуп туруп камап салышсын. Муну керек. Эртен буга окшогондор башка ата энелердин кыздарын зордуктайт.
+2
meni_kut
2018-06-14 14:45:39
Туура камалсын,Азизаны да кошуп
0
Alixan-Nookat.2015
2018-06-14 14:51:48
Ушундай ала качкандарды катуу жазалабаса болбой калды жакында эле болгон Бурулайдын өлүмү сабак болгон эмес окшойт.
+4
Pchelka85
2018-06-14 15:01:47
Жанакы алдап салып берген аялда биринчи очередь камаш керек...!!!! "Зордуктап койсом калып калат" деген эмне деген жапайычылык.. кантип анан омур бою жашайт ошондой такк менен...бечара кыздын тагдырын сындырган жанакы аял менен алып качкан ьаланы кошуп туруп камащ керек.
+3
AzKumFerDan
2018-06-14 21:38:40
Ала качкандан кийин олтуруп тур туугандары келгиче .ачуу басар даярдап мункун элдешип кызын таштап кетээр эле .
+1
JaneEr
2018-06-15 01:37:36
Кыргыздын эркектеринен жакшылык кутпой эле коюш керек болуп калды.Бироо ала качып олтуруп тынды экинчиси зордуктады тобоо.Аялдар кор эле болуп жатат.
+2
Aiba__95
2018-06-15 03:13:22
ХХХХХХХ ХХХХХХХ Озунордун да эже карындаштарынар болсо кк...... Тезирээк бир мыйзам чыгарбаса болбойт тиги жакта отурган ХХХХХХХХ...!!!
+1
vikidiki
2018-06-15 06:09:24
Илгерки методго салышкан турбайбы. Оздору квартирада турса, уйу жок болсо. Анан еще зордуктап салсам айла жок отурат деп. Тушунбогон малдар го азыр 21-кылым экенин. Уже элде тушунук башка болуп калганын. Бурулайды деле эске алышса болмок. Жаш кыздын тагдырын талкаладынар!
0
portugalia
2018-06-15 07:27:18
Ой шумдуктуулар ит экен го баары.
0
Rasul94
2018-06-15 10:09:44
Код койгула кыздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан