Ырчы Назира Токонова тун наристесин жарыкка алып келип, бакытка балкып турган кези. Мындай жагымдуу кабарын ал SUPER.KG порталына билдирди.
"12-июндан 13-июнга караган түнү борбордогу төрөтканалардын биринде уулумду жарыкка алып келдим. Кудайга шүгүр, балам 3 жарым килограмм салмакта төрөлдү. Азырынча ысым коё элекпиз. Учурда экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Назира Токонова өткөн жылы кыргыздын каада-салты менен турмуш жолуна аттанган. Анын жолдошу Чыңгыз - Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын тургуну.