Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы үйлөрдүн биринин жанынан жансыз денеси табылган адамдын ким экени белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.
"Каза болгон адам Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 49 жаштагы тургуну экени аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон адам киши колдуу болгон эмес жана жырткычтын тиштегенинен да эмес, биологиялык өлүмгө дуушар болгон. Анткени мурдатан ооруп жүргөн экен. Ал эми белгисиз жаныбар ал каза болгондон кийин тиштеп салган. Себеби айылдын жашоочулары жайлоого чыгып кетип, айылда саналуу гана адамдар жашап калган. Мындан улам каза болгон адамдын жансыз денеси көпкө туруп калган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, өлүмгө эмне себеп болгону аныкталып жатат", - дейт Ашырбаев.
Айта кетсек, Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы үйлөрдүн биринин жанынан белгисиз жаныбарлар сол колун жана башын тиштеп кеткен адамдын жансыз денеси табылган.